АРСЕНОПИРИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:28, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРСЕНОПИРИТ (лат. arsenicum – мышьяк ж-а пирит), мышьяк колчеданы – темирдин сульфид-мышьяктуу бирикмелер тобундагы минерал. Хим. формуласы FeAsS. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өңү калай сыяктуу бозомук, металл сымал жалтырак. Катуулугу Mooc шкаласы б-ча 5,5-6. Катуу нерсе м-н чапкылаганда, сарымсак жыттанат. Сульфид кенташтары (рудалары) м-н аралаш жолугат. А. мышьяк бирикмелерин алууда негизги кенташ; андан кээде кобальт м-н никель алынат.