АРПА, суу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:06, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРПА– Ат-Башы р-нундагы суу, Алабуга суусунун (Нарындын сол куймасы) негизги курамы. Уз. 65 км, алабынын аянты 347 км2. Topyгарт кырка тоосунун түн.-чыгышынан агып чыккан Муз-Төр суусуна, Ат-Башы кырка тоосунун батыш бөлүгүнөн башталган Kapa-Cyy кошулуп, Жаман-Тоо суусун түзөт. Жаман-Тоо чыгыштан батышка карай Apna өрөөнү аркылуу агып, ага сол тарабынан Чоң Кара-Каман, Кичи Kapa-Kaман ж-а Каракол, оң тарабынан Кожогул, Жаман-Даван суулары кошулгандан кийин А. аталат. Батышта Арпанын Ала-Тоосунан түндүккө карай кууш капчыгай аркылуу агып, Бычан суусу кошулуп, Алабуганы түзөт. Жылдык орт. чыгымы 12 м3/сек. Июнда кирип, октябрда тартылат. Өрөөнү жайыт.