АРТМАНЕ ВИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:55, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "Артмане Вия (өз аты – Алида; 21. 8. 1929-ж. т., Тукум ш.) – латыш артисти, СССР эл артисти (1969), Латвия ССР...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

Артмане Вия (өз аты – Алида; 21. 8. 1929-ж. т., Тукум ш.) – латыш артисти, СССР эл артисти (1969), Латвия ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). 1949-ж. Ригадагы Райнис атындагы көркөм театрдын алдындагы студияны бүткөн, 1949–98-ж. ушул эле театрда (1989-жылдан «Деймес» театры) иштеген. Ал түзгөн аялдардын образдарына назиктик, боорукерлик, асылзаадалык мүнөздүү. Аткарган белгилүү ролдору: Абигайль (Э. Скриба, «Бир чөйчөк суу»), Офелия, Джульетта (У. Шекспир, «Гамлет», «Ромео жана Джульетта»), Настасья Филипповна (Ф. М. Достоевский, «Кейбир»), Аркадина (А. П. Чехов, «Ак чардак»), Елизавета (Ф. Брукнер, «Елизавета Английская»), Тереза Ракен (Э. Золя, «Тереза Ракен»). 1998–99-ж. жаңы Рига театрында Графинянын (А. С. Пушкин, «Карганын маткеси» ж. б., ролдорду аткарган. 1983–87-ж. Латвия CCP театр коомунун председатели. Кинофильмдерде (1956-жылдан) аткарган ролдору: Соня («Өз каны», 1964), Аял («Эч ким өлүүнү каалаган эмес», 1966), Кристина («Эдгар жана Кристина», 1964) ж. б. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.