АРНЕМЛЕНД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:44, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРНЕМЛЕНД– Австралиянын түндүгүндөгү жарым арал. Тимор ж-а Арафура деңиздери, Карпентария булуңу м-н чулганат. Уз. 320 км-дей, жазылыгы 460 кмдей. Кумдуктан турган плато (бийикт. 400 кмге чейин) ээлейт, ал дарыя өрөөндөрү аркылуу калдык тоо массивдерине бөлүнгөн. Өрөөндөрүнө нымдуу тропик токою, айдарым беттерине эвкалипт токою ж-а саванналар мүнөздүү. Уран-радий кени (Рам Жангл) бар. Порту – Дарвин.