АРМЕНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:15, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (→‎Табияты.) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРМЕНИЯ (Айастан), Армян Республикасы (Айастаны Анрапетутюн) – Азиянын түш.-батышындагы мамлекет. Закавказьенин түштүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Грузия, чыгышынан Азербайжан, түш.-батышынан Иран ж-а Нахичеван Автономия Республикасы, батышынан Түркия м-н чектешет. Аянты

АРМЕНИЯ 13.png


29,74 миң км1. Калкы 3,1 млн (2009). Адм.айм. жактан 11 облуска (марз), 27 шаарга, 31 шаарчага бөлүнөт. Ереван ш. өзүнчө марз статусуна ээ. Борбору – Ереван ш. Акча бирдиги -драм. А. – БУУнун (1992), КМШ өлкөлөрүнүн (1991), ЕККУнун (1992), Эл аралык валюта фондунун (1992), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2003) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү.

А – унитардык мамлекет, 11 облустан турат. Конституциясы 1995-ж. 5-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы - аралаш (президенттик-парламенттик) республика. Мамлекет башчысы – президент (5 жылга бир гана жолу шайланат). Мыйзам чыгаруучу бийлигинин жогорку органы – Улуттук жыйналыш. Аткаруу бийлигинин органы – Министрлер Кеңеши. Саясий партиялары: Армян жалпы улуттук кыймылы, Улуттук биримдик, Армян рев-ялык Дашнакцутюн федерациясы, Армения коммунисттик партиясы, Армения жалпы элдик кыймылы.

Табияты.

А. – тоолуу өлкө. Армян тайпак тоосунун Кичи Кавказдын кырка тоолору м-н чектешкен түн.-чыгыш бөлүгүн ээлейт. Аймагынын 90%тен ашыгы деңиз деңг. 1000 м бийиктикте жайгашкан, орт. бийикт. 1800 м, эң бийик жери Арагац чокусу 4090 м. Түш.батышында Apa-

Армениянын табияты.


рат түздүгү жайгашкан. Субтропиктик климаттык алкактан орун алган негизинен континенттик, кургакчыл, бирок өлкө тоолуу болгонуна байланыштуу климаттын ар түрдүү тиби кездешет. Түздүктөрдө январдын орт.темп-расы –5°С, июлдуку 24–26°С, жылдык жаан-чачыны 200–400 мм; тоолуу аймагында январдыкы –4°Сден –6°Сге чейин, июлдуку 18–20°С, жылдык жаан-чачыны 500 ммге чейин. Дарыялары Каспий деңизинин алабына кирет. Ири дарыялары: Аракс (чек ара аркылуу агат), Кура. Дарыялары шар агып, босоголуу болгондуктан, кеме жүрүүгө ыңгайсыз, бирок гидроэнергия ресурсуна бай. Жермук, Арзни, Дилижан, Бжни, Анкаван минералдык суулары бар. A-да 100дөн ашык көл бар, алардын эң ириси – Севан көлү. Too капталдарында 2000 м бийиктикке чейин талаа өсүмдүктөрү үстөмдүк кылат. Аймагынын V5 бөлүгүнө жакынын жазы жалбырактуу токой (бук, эмен, граб) ж-а бадалдар ээлейт; ксерофиттик сейрек токой да кеңири таралган. Андан жогору субальп ж-а альп өсүмдүктөрү мүнөздүү. Дилижан, Хосров ж. б. коруктары, Севан улуттук паркы бар. Tooлуу талаа, шалбаалуу субальп ж-a альп алкак- тары жайкы жайыт.

Калкы

. Негизинен армяндар (93%), о. эле азербайжан, орус, курд, украин, грек, ассириялыктар (айсорлор) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт.

Ереван шаарынын жалпы көрүнүшү.


Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектердики –70,6, аялдарды- кы –78,2 жаш. Орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 100,8 киши (2015); Арарат өрөөнүндө калк жыш (1 км2 200) отурукташкан. Христиан динин тутат. Шаар калкы - 64,2%. Ири шаарлары: Ереван, Гюмри, Ванадзор.

Тарыхы

Армян тайпак тоолору – дүйнөлүк цивилизациянын эң байыркы борборлорунан. Археол. казмалардан табылган эмгек куралдары байыркы таш доорунда (палеолит) эле А-нын аймагында адамдардын жашаганын, металл иштетүү мад-тынын байыркы очокторунан экенин далилдейт. Б. з. ч. 5-4 миң жылдыкта эле А-нын аймагында жезди иштетүү кеңири өнүккөндүгү белгилүү. Б. з. ч. 13-к-да Армян тайпак тоосунда жашаган уруулар Ассириянын басып алуусуна каршы күрөштө бир нече союздарга (Уруатри, Наири, Дайани) бириккен. Аталган союздардын негизинде б. з. ч. 9-к-да Урарту мамлекети түзүлгөн. 1950-ж. Аринберд дөбөсүнөн, азыркы Ереван ш-нын аймагынан табылган шынаа сымал жазмада Meнуа уулу Аргиштинин Эребуни чебин негиздегендиги (б. з. ч. 782-ж.) тууралуу айтылат. Бул маалымат Ереван ш-нын дүйнөдөгү эң байыркы шаарлардан экендигин айгинелейт. Урарту мамлекетинин борбору Тушпа болгон. Ассириялык шынаа сымал жазманын негизинде Урартунун өз жазуусу түзүлгөн. Урартулуктар мал чарбасы, дыйканчылык м-н кесиптенишкен, жасалма сугат системасы жогору өнүккөн. Кол өнөрчүлүктөн өзгөчө металл иштетүү жогорку деңгээлге жеткен. Б. з. ч. 7-6-к-да жүзүм өстүрүү ж-а вино жасоо өнүккөн. Б. з. ч. I миң жылдыктын 2-жарымында армян элинин калыптануусу аяктаган (к. Армяндар).

АРМЕНИЯ


Б. з. ч. 6-к-да ички биримдиктин жоктугу, о. эле скифтердин ж-а Мидиянын баскынчылык жортуулдары Урарту мамлекетинин кыйроосуна алып келген. Б. з. ч. 6-к-дын акыркы чейрегинде А. Ахемениддер державасынын курамына кирген. Дарий Iнин Бехисттун аскасындагы үч тилде жазылган жазмасында элам ж-а перси тилдеринде «Армения» өлкөсү, ал эми ассириялык тексте «Урарту» мамлекети тууралуу эскерилет. Дүйнөнүн Вавилон картасында (б. з. ч. 5-к.) «Армения» өлкөсү белгиленген. Геродоттун маалыматтарында А. Дарий I нин державасынын 13- ж-а 18-сатрапияларына киргизилген. Ксенофонт 13-сатрапияны Ахемениддерге туугандык байланыштагы Ервандун уруусунун өкүлдөрү башкарышкандыгын белгилейт. Ахемениддер державасы Александр Македонский тарабынан кыйратылгандан кийин, армян сатраптары Ерванд III ж-а Митраустес көз каранды эмес эки княздыкты негиздешкен. Ерванд алгач Александр Македонскийдин бийлигин тааныган, бирок диадохтордун күрөшүнүн учурунда өз алдынчалыкка жетишкен. Б. з. ч. 220-ж. Ервандиттер падышалыгын селевкид башкаруучусу Антиох III басып алып, 3-к-дын аягында А-нын аймагы толук каратылган. Бул бириктирилген аймак Улуу Армения деп атала баштаган, аны жерг. башкаруучу Арташес башкарган. Б. з. ч. 189-ж. Улуу А. ж-а Софена өз алдынча мамлекеттерге айланган. Арташес I (189-160-ж. башкарган) өзүн падыша деп жарыялап, Арташесиддер династиясын негиздейт. Улуу А. мамлекети, анын небереси Тигран Шнүн тушунда күч-кубаттуу мамлекетке айланып, бардык армян жерлери бириктирилип, Софен, Сирия, Коммаген, Киликия, Месопотамия, Селевкидцер падышалыгы каратылат. Тигран III Тигр д-нын боюна өлкөнүн жаңы борбору – Тигранакерт ш-н курдурган. Улуу A-да антикалык Грекиянын, эллиндик Сириянын ж-а Кичи Азиянын таасири м-н мад-т, арх-ра, театр, ад-т, поэзия өнүккөн. Б. з. ч. 62-ж. Улуу A-да Аршакиддердин династиясы орнотулат. Б. з. ч. 1-к-дан баштап А. Рим м-н Парфия падышалыгынын ортосундагы күрөштүн майданына айланган, бул Улуу А-ны начарлаткан. Б. з. 3-к-нан Улуу А. сасаниддик Иранга көз каранды мамлекетке айланган. 301-ж. христиан дини Улуу А-нын мамл. дини деп жарыяланган. 4-к-дын аягында Mecроп Маштоц армян алфавитин түзгөн. 387-ж. А-ны Византия м-н Иран өз ара бөлүп алышкан. Сасаниддер м-н Византиянын А. үчүн болгон күрөшү 20 жылдан ашык созулган. 7-к-дын 2-жарымында А-ны Араб халифаты басып алды. Узакка созулган күрөштүн натыйжасында арабдардын бийлиги кулатылып, 9-к-дын аягында А-да Багратилердин падышалыгы түзүлөт. Бул учурда экон. ж-а маданий турмуш кайрадан жогорулап, шаарлар (Ани, Ван, Карс ж. б.) кол өнөрчүлүк м-н соода-сатыктын ири борборлоруна айланды. 11-к-дын 1-жарымында А. кайрадан Византияга көз каранды мамлекетке айланды. 11-к-дын ортосунан А-га селжуктар басып кирген. 1236–43-ж. бүткүл Закавказье монгол-татарлар тарабынан каратылган. А. мамлекети жоюлуп, Хулагулар мамлекетинин курамына кошулган. Шаарлар талкаланып, калкынын бир кыйласы кырылган. Армяндардын чет өлкөлөргө ооп кетиши күчөп, алардын көпчүлүгү Европа өлкөлөрүнө, Алтын Ордонун шаарларына, Крымга ж. б. жерлерге көчө качты. Буковинада, Галицияда, Венгрияда армян колониялары пайда болгон. 14-к-дын башында Токтомуштун, андан кийин Тимурдун жортуулдарынын учурунда А. эбегейсиз талап тонолгон. 15-к-дын башында А. көчмөн түркмөн уруулары (Кара-Коюнлу, кийин Ак-Коюнлу) тарабынан каратылган. 16–18-к-да А. Осмон империясы м-н Ceфевилер державасынын ортосунда талаш майданга айланып, 1639-ж. жарашуудан кийин, Чыгыш А. Иран, Батыш А. Түркиянын курамына кирген. Орус-иран согушунун (1826–28) жыйынтыгында түзүлгөн Түркмөнчай келишими б-ча Чыгыш А. (Эриван, Нахичеван хандыктары) Россияга, калган бөлүгү Түркияга кирген. 1-дүйнөлүк согуш учурунда түрктөр 1,5 млн армяндарды жок кылып (1915–16), 600 миңге жакынын Месопотамияга зордоп көчүргөн. 1918-ж. 28-майда Армян республикасы түзүлүп, бийликке улуттук-бурж. «Дашнакцутюн» партиясы келет. 1918-ж. Антанта м-н Түркиянын ортосунда түзүлгөн Мудросе жарашуусу б-ча Түркия А-нын аймагынан аскерлерин чыгарып кеткен. 1920-ж. сентябрда түрктөр кайрадан А-га басып кирип, өлкөнүн үчтөн-эки бөлүгүн ээлейт. 1920-ж. 29-ноябрда Кызыл Армиянын күчтөрү дашнактар бийлигин кулатып, А-ны Советтик Социалисттик Республика деп жарыялайт. 1922-ж. Армян ССРи Закавказье федерациясынын (ЗСФСР) курамында CCCPгe кирген.
1936-ж. өз алдынча Армян ССРи түзүлгөн. СССР кыйрагандан кийин, 1991-ж. 23-сентябрдан Армения көз каранды эмес республика.

Экономикасы.

Ички дүң продукциясынын көлөмү 16,2 млрд долларды түзгөн, аны киши башына бөлүштүргөндө 5,9 миң доллардан туура келет (АКШ, 2009). Ички дүң продукциясында а. ч-нын үлүшү 18,5%, өнөр жайы 33,5%, тейлөө чөйрөсү 48,0% ти түзөт. Өнөр жайынын негизин тамак-аш (36,6%; 2003), түстүү металлургия (21,7%), электр энергия (19,5%), машина куруу ж-а металл иштетүү (4,8%), химия (2,0%) тармактары түзөт. А. дүйнөдөгү энергиясы таңкыс өлкөлөргө кирет. Жерг. энергия ресурстарынын негизин гидроэнергия берет. Отундун басымдуу бөлүгүн сырттан (газды Россия м-н Түркмөнстандан) алат. А-нын экономикасында маанилүү орунду «Армросгазпром» биргелешкен (Россия, Армения) ишканасы ээлейт. Ал газ куурларын, газ сактоочу жер астындагы жайларды куруп, ремонттойт. Жылына 5,6 млрд кВт.ска жакын электр энергиясы өндүрлөт; анын 41% АЭСке, 30% ГЭСке, 29% жылуулук электр станцияларына таандык.
Жез-молибден рудаларын, алтын казып алып иштетүүчү ишканалары бар. Машина куруу өнөр жайы электрондук, автомобиль ж-а станок куруу тармактары үчүн жабдуулар чыгарууга адистешкен; анын негизги борборлору: Ереван, Baнадзор, Армавир. Электр-тех. ж-а электрондук өнөр жай ишканалары Ереванда (электр кыймылдаткычтарын ж. б. чыгарат), Ванадзор (ченегич приборлор, светотехника ж. б.), Гюмри (анализдик приборлор), Севан (электр механизмдерин) ж. б. шаарларда жайгашкан. Хим. өнөр жайы хлоропрен каучугун, резина буюмдарын, шина, жасалма була, целлофан, хим. реактивдери, карбамид, меланин ж. б. продукцияларды чыгарууга адистешкен.
Зер буюмдарды даярдоочу өнөр жайы өнүккөн; анын продукциясын экспортто б-ча 1-орунда турат. Зер буюмдарды даярдоо үчүн сырьёну (негизинен зергерлик ж-а тех. алмазды, алтынды) Россиядан, Бельгиядан ж-а Нидерланддан алат. Ири ишканалары: Ереван зергер з-ду, Армян алмаз компаниясы. Тамак-аш өнөр жайынын негизги продукциялары: коньяк ж-а шарап (20дан ашык з-ду бар), мөмө-жемиш ж-а жашылча консервалары, суусундук, эт ж-а эт продуктулары, сүт продукциясы ж. б. Жогорку сорттогу тамеки чыгаруучу биргелешкен ири ишканалары бар. Курулуш материалдарынан цемент, асбоцемент ж-а шифер, имараттарды туфтан каптап жасалгалоочу материалдарды ж. б. чыгарат. Еревандагы прибор куруу ишканасы үчүн таза темир (металлоломдон) даярдоочу тажрыйба-өнөр жай з-ду, Туманян ш-нда отко чыдамдуу материалдарды чыгаруучу з-д иштейт.
Айыл чарбага жарактуу жери 1,4 млн га (өлкөнүн 47% аянты), анын 0,5 млн гасы айдоо, 0,8 млн гасы жайыт ж-а чабынды. А. ч. продукциясынын 60%ке жакынын өсүмдүк өстүрүүчүлүк берет. Буудай, картошка, жашылча-бакча, о. эле тех. (тамеки, каз таман), тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Мөмө-жемиш бактарын (шабдаалы, өрүк) өстүрүү ж-а жүзүмчүлүк өнүккөн.

Армениянын жүзүм талаасы.


Бодо мал, кой, эчки, чочко асыралат. Айыл чарба продукцияларынын 95,5%ке жакыны жеке менчик чарбаларда даярдалат. Рекреациялык peсурстарга бай; курорттору: Арзни, Жермук, Дилижан, Цахкадзор ж. б.
Транспортунун негизги түрү – автомобиль. Автомобиль жолунун уз. 8,9 миң км (2008). Негизги автомобиль магистралдары: Ереван – Аштарак – Гюмри, Ереван – Севан -Ижеван. Темир жолунун уз. 845 км; негизги темир жол тоому – Ереван ш. Грузия темир жолу м-н (Ереван – Ванадзор – Алаверди –Тбилиси) катнашы бар. Россиядан (Грузиянын аймагы аркьшуу) газ кууру келет. Ири аэропорту – Звартноц (Еревандан 10 км аралыкта).Экспортко караганда импорт (1279,5 млн доллар) басымдуулук кылат. Экспортко негизинен асыл таштарды, баалуу металлдарды, шарап, коньяк, түстүү металлдарды (алюминий, никель жез) ж-а алардан жасалган буюмдарды чыгарат; сырттан (импорт) отун (негизинен газ), иштетилбеген асыл таштарды, жабдууларды, дан эгиндерин алат.

Акча бирдиги – драм.


Негизги соода шериктери: Россия, AШI, Бельгия, Улуу Британия, Иран, Бириккен Араб Эмирликтери.

Маданияты

1998-жылдан билим берүүтармагында реформа жүргүзүлө баштаган. 1999-ж. «Билим берүү» мыйзамы, 2001-ж. «2001- 2005-жылга билим берүүнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик планы» кабыл алынган. Билим берүү тармагы – мектепке чейинки тарбия, жалпы билим берүү [башталгыч (1-3-класс), негизги орто билим (4-8-класс), толук орто билим (9-11- класс)]; кесиптик билим берүү [башталгыч кесиптик-тех., атайын орто билим берүү, жогорку кесиптик (бакалавриат, магистратура)], квалификацияны жогорулатуу ж-а адистерди кайра даярдоо бөлүмдөрүн камтыйт. Учурда 692 мектепке чейинки мекеме (а. и. 681 мамл.), 1481 жалпы билим берүүчү мектеп, 58 гимназия, I лицей, 12 колледж, 77 орто кесиптик окуу жайы ж-а менчик жалпы (31), атайын орто билим берүү мекемелери (23) бар. Республикада 54 коомдук пансион, 163 мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери иштейт. Мамл. 20, мамл. эмес 72 ЖОЖ бар. Ереван ун-ти (1920-ж. негизделген), Инженердик ун-ти (1930), Ереван эл чарбачылыгы ин-ту (1933), Армян айыл чарба академиясы (1930), Ереван сүрөт академиясы (1944), Ереван консерваториясы (1923), Америка ун-ти (Ереван, 1991), Россия-Армян (Славян, 1999) унти, Франция ун-ти (2000), о. эле А-нын ИА ж-а бир нече ил.-из. ин-ттары бар. Ири музейлери: Тарых (1957), Матенадаран – байыркы кол жазмалар, Улуттук галерея (1921), Ереван тарыхы (1968), этногр. ж-а фольклор, диний иск-во, Геноцид институт-музейи (1995) ж. б. A-да гезит (840), журнал (193) армян ж-а орус тилинде чыгат. Кабарлоо агентчилиги (32), улуттук гезиттердин басмалары (20, а. и. «Азг», «Айастани Анрапетутюн», «Айоц ашхар» «Аравот», «Иравунк» армян), ал эми «Армян үнү», «Жаңы учур», «Армян Республикасы» орус ж-а улуттук тилдерде иштейт. Республиканын аймагынын 95% телекөрсөтүү м-н камсыз болгон. Мамл. ж-а менчик радиостанциялар бар.
Армян адабияты дүйнөдөгү байыркы ад-ттардын бири. Б. з. ч. эле армяндарда бутпарастык ад-т болуп, ал армяндар христиан динине өткөн соң (301) жоголгон. Жазма ад-ттын тарыхы 5-к-дан – Mecpoп Маштоц армян жазмасын түзгөн мезгилден (406) башталат. Жазма адабий эстеликтерден М. Маштоцтун котормолору, ырлары, Агафангел, Павстос Бузанд, Егише, Лазар Парбенци ж-а Мовсес Хоренацинин (5-к-дын тарыхчылары) эмгектери өзгөчө баалуу. Араб эзүүсүнүн тушунда ж-а Византия басып алган мезгилде (7-9-к.) жарандык ад-т (Давтак Kepтог, тарыхчылар – Себеос, Овнан Мамиконян, Мовсес Каганкатваци, Гевонд), диний айтыш (кара сөздө) ж-а чиркөө поэзиясы (мис., «Щаракноц», Комитасо, Степаноса Сюнеци) өнүккөн. 9-к-дын аягында А. көз карандысыздыкка ээ
болгондон кийин (886) ад-тта гуманисттик идеялар пайда болуп, Каира жаралуу доору башталган. Григор Нарекацинин («Кайгылуу ырлар китеби») поэмасы, 10-к-дын тарыхчылары Ованес Драсханакертци, Товма Арцруни, аты жок Арцрунинин чыгармаларында гуманисттик алдынкы ой-пикирлер нукура элдик формада туюнтулган. 11-12-к-дагы А. ад-ттын элегия (Аристакес Ластивертци), лирика-эпикалык поэма (Григор Тга, Нерсес Ламбронаци), эпистолярдык (Григор Магистр), лирика (Нерсе Шнорали) ж-а поэтика (Ованес Имастасер) жанрында жазылган чыгармалар түзөт. Алгачкы тамсил Мхитар Гошко таандык ж-а 13-к-дын башталышында Вардан Айгекци элдик тамашалуу мүнөздөгү тамсилдер жыйнагын («Куулуктун китеби») түзгөн. 13-к-да А. ад-ты мекенди сагынуу, мамл. түзүлүштүн адилетсиздигине каршы ж. б. ой-пикирлерди камтыган Фриктин поэзиялары, Ованес Ерзнкаци ж-а Константин Ерзнкацинин лирикалары, 14-16- к-да Ованес Тулкуранци, Мкртыч Наташ, Григор Ахтамарци, Нерсес Мокаци, Кучак Наапет, Григор Церенц, Хачатур Кечареци, Аракел Сюнеци, Симеон Апаранци ж. б. акындардын ырлары м-н толукталат. 17-18-к-да жазуу м-н бирге ашугдардын оозеки чыгармачылыгы өнүккөн. Акын Саят-Нова (1712-1795) алгачкылардан болуп лирика поэзиясына чыйыр салган. 18-к-дын аягы 19-к-дын башында А. адтында классикалык поэзия салты күч алган. Ага О. Ванандеци, П. Минасян, А. Багратуни, Е. Toмачян, Э. Гюрмюзян ж. б. кирет. 1840-50-ж. жаңы А. ад-тына негиз салган акын Г. Алипшн, демократ акын X. Абовян («Армения муңу» тарыхый романы (1841; 1858-ж. басылган) адттагы прогрессчил романтизм м-н реализмге жол ачкан. X. Абовяндын чыгармачылыгындагы демокр. багыттарды П. Прошян (1837-1907), Г. Агаян (1840-1911) өнүктүргөн. Атактуу жазуучу ж-а ойчул М. Налбандян (1829-1868) биринчилерден болуп матер, эстетиканын принциптерин иштеп чыгып, социал. мазмунга каныккан реалисттик ад-тты ырааттуу түрдө жактаган. Улуттук идеяларды акын, филолог Г. Алишан (1820-1901) көтөрүп чыгат. 19-к-дын 2-жарымында акындар Р. Патканян, М. Пешикташлян, П. Дурян жарандык ырлар м-н поэмаларды жаратышкан. Улуттук публицист В. Арцруни, романчылар Цернцтин, Раффи тарыхый роман жазышкан (1880-90). Сын реализми сатирачы А. Пароняндын, драматург А. Ширванзаде чыгармаларында өнүккөн. Нар-Дос, Mypaцан (Г. Тер-Ованисян), В. Папавян, А. Арпиарян, Г. Зохраб, Т. Камсаракан, А. Ширванзаде, И. Иоаннисян, А. Цатурян европалык ж-а орус акындарынын чыгармаларын которуу м-н бирге реалисттик багыттагы чыгармаларды жаратышып, ад-т казынасына зор салым кошушкан.
Армян элдик классикалык чыг-тын туу чокусу деп О. Туманян тарабынан элдик сюжеттердин негизинде иштелип чыккан «Солунци Давид» («Давид Сасунский») улуттук эпосун ж-а элдик жомокторду айтууга болот. 19-20-к-дын көрүнүктүү акындары А. Исаакян, В. Тергьян, Сиаманто (А. Ярчанян), Д. Варужан, М. Мецаренц, Р. Севак, В. Текеян, Е, Чаренц, курч социалдык темаларга А. Акопян, Ш. Кургинян, Г. Сарьян, М. Арази ж. б-лардын чыгармалары жаңы армян ад-тын дүйнөлүк ад-ттын алдыңкы чегине жеткирди.
А-нын архитектурасынын байыркы эстеликтери б. з. ч. 3000-жылга таандык (Арагацтын жанындагы мегалиттик курулуштар ж. б.). Архитектура б. з. ч. 9-6-к-да Урарту мамлекетинде өнүккөн (Тейшебанидеги турак жайлар, б. з. ч. 7-к; Эренбуниндеги Кудай Халд храмы, б. з. ч. 8-к.). Шаарларда эллин доорундагы

Эчмиадзин собору.


сарайлар м-н чептер өзгөчөлөнө баштаган (Тигранакерт, б. з. ч. 1-к.). 4-6-к-да христиандык сыйынуу жайларда бир ж-а үч нефтүү базилика курула баштаган. Үй куруунун жаңы баскычы 11-18-к-дагы көп сандаган эстеликтерден, өзгөчө А-нын борбору Анидеги Багратидден көрсө болот. 19-к-да, айрыкча Чыгыш A. Pocсияга кошулгандан кийин, шаарларда (Ереван, Александрополь, Карс), турак-жайлардын жаңы типтери пайда болуп, ал социал.-экон. өзгөрүүлөрдүн таасиринде калыптанган. Көп кабаттуу үйлөр Ереванда, Ленинаканда, Алавердиде курулган. Архитектор А. Таманян (Өкмөт үйү, опера театрынын имараты, I-Ep ГЭСи) улуттук салт м-н азыркы арх-раны айкалыштырган.
1960-70-ж. коомдук жайларды типтештирүү башталды. Мемориал эстеликтер салынган (1915-ж. түрктөр кырган армяндарга эстелик). А-нын арх-расын жаңыча куруу 1968-жылдагы мамл. планында каралган. Ага өнөр жай ж-а гидротех. (ГЭС) курулуштары, ири з-ддор, көпүрөлөр мисал. А-нын аймагынан табылган алгачкы көркөм чыгармалар (аска бетиндеги сүрөттөр, жазуусу ж-а сүрөтү бар карапалар, скульптура, металл эмеректер, зер буюмдар, жыгачка оюлган сүрөттөр ж. б.) б. з. ч. 6-2 миңинчи жылдарга таандык. Урарту иск-восунун ж-а Эллин

Армян Республикасынын борб. аянтынын бир бурчу. Арх-ралык ансамблде курулган.


доорунун эстеликтери (жасалга колдонмо исквосунун жасалгалары, коло м-н алтын скульптуралар, оюлуп жасалган рельефтер, мозаика) сакталган. О. кылымда монументтүү живопись, мозаика, дубал жазуулары көбүрөөк өнүгөт. Андан соң арх-ралык скульптура – чиркөөнүн бет алдындагы рельефтер (6-к-дын аягы, 7-кдын башы) өнүккөн. Ахтамар храмы (10-к.) декорация скульптура сюжеттери м-н кооздолгон. Христиан дининин кабыл алынышы (301) ж-а армян алфавитинин түзүлүшү м-н (396) китеп живописи өнүгө баштайт. A-да миниатюра да 13-14-к-да жогорку деңгээлге жетет. 17-18- к-да станковый живопись (портрет, пейзаж ж. б.) пайда болду. Тарыхый себептерден улам көрүнүктүү армян сүрөтчүлөрү четте жашоого аргасыз болушкан. О. Маркуз м-н Минае (17-к.) Иранда, Б. Салтанов (17-к.) Москвада, Богуштун үй-бүлөсү (17-18-к.) Львовдо, Манасеники (18-19-к.) Түркияда иштешкен. Сүрөт и с к -в о с у н д а сүрөтчү Овнатаняндардын алты муунуна өзгөчө орун таандык (17-к-дын аягы 19 к--дин 80-ж.). Сүрөт иск-восунун өнүгүшүнө Е. Татевосян (1870-1936), С. Агаджанян (1863- 1940), Ф. Терлемезян (1865-1941), М. Сарьян, Г. Гюрджян, О. Зардарян, Э. Исабекян, М. Абегян, кийин Г. Ханджян, С. Мурадян ж. б. өз салымдарын кошушту. Скульпторлордун (A. Capксян, С. Степанян, А. Урарту, Е. Кочар, Н. Никогосян) улуу муунуна жаңы муун кошулду (Г. Чубарян, С. Багдасарян ж. б.). График ж-а
живописчи А. Коджоян (1883-1959) негиз салган китеп жасалгалоо өнөрү азыркы күндө да жогорку деңгээлде. Көркөм театр ин-ту (1945), сүрөт окуу жайы (1921; Ереван, Ленинакан, Кировакан), сүрөт галереясы (1921-1935) бар. Сүрөт көргөзмөлөрү өткөрүлүп турат.
А-нын улуттук музыкасы байыркы замандан бери эле өнүгүп келүүдө. Муз. мад-ттын байыркы эстеликтери Урарту мамлекетине (Тейшебани, коло идиофон, б. з. ч. 7-к.) ж-а Улуу Арменияга (көп стволдуу таш флейта, б. з. ч. 5-к.) таандык. Армян элдик музыкасы м-н поэзиясы пандира (кылдуу чертме аспап) м-н коштолгон.
5-к-да христиан чиркөө музыкасы, адегенде псалма (көркөм окуу) түрүндө, андан соң шаракан деген ат м-н армян тилинде өнүккөн. 12-кда Нерсес Шнорали алгачкы көлөмдүү ырын (шаракан) чыгарган. 10-к-дан таги, о. кылымда диний (монодия) ырлары өнүккөн. Элдик музыканын негизинде диний музыка келип чыккан. Элдик профессионал музыканын өкүлдөрү адегенде гусандар, кийин ашугдар аталган. Ашугдар ырларын сазе ж-а кеманче аспаптары м-н коштогон. Монодия вокалы ж-а аспаптык музыка азыркы күнгө чейин сакталып келүүдө. 19-к-дын орто ченинен А. музыкасы Батыш Европанын музыкасынан ж-а орус классикасынан таасирленген. Анын негизинде жаңы улуттук стиль түзүлгөн. Композиторлор X. Кара Мурза (1853-1902) м-н Н. Тигранян (1856-1951), классикалык музыканттар Т. Чухаджян армян музыка коомун, «Кнар» («Лира») журналын негиздеп, туңгуч армян операсын («Аршак II») жазган. Фольклорист, муз.-коомдук ишмер Koмитас жаңы армян музыкасынын калыптанышына чоң салым кошуп, комп. мектебин ачкан. А. Спендиаров (1871-1928) – армян симф. музыкасына негиз салса, 1-классикалык романстар Р. Меликянга таандык. «Алмаст» тарыхый операсы улуттук театр классикасынын башаты (А. Спендиаров, 1930-ж. Москвада коюлган). Көрүнүктүү композиторлорунун бири - А. Хачатурян армян музыкасына зор салым кошкон. Опера, балет, оперетта, симфония, камералык хор ж-а эстрадага белгилүү композиторлор К. Закарян (1895-1967), В. Тальян (1896- 1947), А. Степанян (1897-1966), А. Айвазян (1902-ж. т.), А. Долуханян (1910-1968), А. Бабаджанян (1921-ж. т.), Ж. Тер-Татевосян (1926-ж. т.) ж. б. бир топ чыгармаларды жаратышты. 20-к-дын чыгаан музыканттары: A. Tepтерян, Г. Читчян, Г. Овунц, А. Зограбян, Э. Айрапетян, Т. Мансурян. Дүйнөгө белгилүү ырчылары – П. Лисициан, 3. Долуханова, Г. Гаспарян, Т. Сазандарян. Көрүнүктүү музыка изилдөөчүлөр – X. Кушнарев, А. Адамян, Г. Тигранов, А. Шавердян, Р. Атаян, М. Арутюнян, М. Брутян, Г. Геодакян, Н. Тагмизян.
Армяндардын бий иск-восу көп кылымдык салтты камтыйт. Ушул кезге чейин бийге ылайык ыр, бий күүлөрү (парэр же хагэр) көп түрдүү формада сакталган. Армян ыр-бий ансамбли 1938-ж. уюштурулган. 1920-жылдан профессионалдык балет иск-восу өнүккөн. Хореография

А. Спендиаров атн. опера ж-а балет театрынын сахнасында. «Гаянэ» балетинен көрүнүш.


(1923), ритропластика студиялар ачылган (1924).
1939-ж. А. Хачатуряндын 1-улуттук «Бакыт» балети коюлат. Спектаклде элдик обондор, күүлөр колдонулуп, классикалык хореографияны армян бийинин элементтери м-н айкалыштырган. А. Хачатуряндын «Гаэне» (1947,1971,1974, 2003), «Спартак» (1988), Э. Оганесяндын «Мармар» (1957), Г. Егизоряндын «Ара сулуу ж-а HIaмирам» (1982) балеттери сахналаштырылган.
Армян театрынын тарыхы б. з. ч. 69-ж. падыша Тигран II Тигранакертте Сириянын эллинистика тибиндеги театр имаратын салгандан башталат. Анын уулу Артавазд II жетекчилиги м-н Арташатта театр уюшулуп, Еврипиддин «Вакханкалар» трагедиясын койгон (53-ж. б. з. ч.). Б. з. 4-к-да оюн-зооктор Аршакт II сарайында коюлган. Пантомима өнөрү ж-а сатира, көчө театры болгон. Цахрацу элдик театры кеңири таралган. Литургиялык драманын негизинде христиандык диний театр түзүлгөн. 17-19-к-да армян «колонияларында» Львовдо, Москва, Венеция, Вена, Марас, Калькутта ж. б.

«Намус» спектаклинен бир көрүнүш. 1955.


армян театры, 1668-жылдан 19-к-дын орто ченинен армян мектеп театры өнүгөт. 1810-ж. Константинополдо М. Бжишкяндын жетектөөсү м-н 1-армян спектаклдери коюлган. 1846-66-ж. О. Гаспаряндын жетекчилиги м-н «Арамян татрон» профессионалдык театры иштеген. 1836-ж. Г. Шермазанян Тифлисде «Шермазанян дарбас» театрын ачкан. 1860-ж. А-дын маданий борбору Константинополдо ж-а Тифлисде түзүлгөн. 1860-70-ж. алгачкы театрлар Ереванда, Нахичевани-на-Дону ж. б. жерлерде ачылган. 20-кдын башында улуттук армян театры (Ереванда, Шушада, Бакуда, Тифлисде ж. б.) кеңири таралган. 1921-ж. Ереванда алгачкы мамл. Армян драма театры (учурда Улуттук акад. театр) түзүлгөн. 1920-ж. армян театры, 1928-ж. көчмө, 1929-ж. балдар, 1935-ж. куурчак театрлары, 1937-ж. орус, 1969-ж. Ереван драма театрлары, 1981-ж. Ереван камералык театры уюшулган. 1940-ж. Армян театралдык коому түзүлгөн.1940--50-ж. «Маскарад» (Ю. Лермонтов, 1945), «Тирүү өлүк» (Л. Н. Толстой, 1951), «Алча багы» (А. П. Чехов, 1951), «Багдасар аке» (А. Паронян, 1954), «Намус» (Ширванза, 1955), «Бүлүнгөн коломто» (А. Абарян, 1947.) ж. б. спектаклдери коюлган. 1960-70-ж. А-нын көрүнүктүү театр актёрлору – М. Мкртчян, В. Вардересян, Х. Абрамян, М. Симонян, А. Хостикян ж-а режиссёрлору: Г. Капланян, 3. Татинцян, А. Мкртчян, М. Мариносян ж. б. A-да 20га жакын драма театр (2004) бар, а. и. облустук Ванадзор, Гюмри, Кафан, Горис, Арташат, Камо ж. б.
1907-ж. алгачкы кино тартылган. 1923-ж.«Госкино» (кийин «Госфотокино») уюшулуп, анда кинолаборатория базасында (1928-ж.) кинофабрика «Арменкино» (1938-ж. Ереван киностудиясы, 1957-ж. «Арменфильм», 1966-ж. А. Бек-Назаров атн. киностудиясы) түзүлгөн. Көрүнүктүү режиссеру Бек-Назаров тарабынан тартылган туңгуч армян документалдуу фильми - «Советтик Армения» (1924), 1926-ж. «Намус» көркөм, 1935-ж. алгачкы «Пэпо» үндүү фильми жаралган, 1940-50-ж-дагы кыйынчылыктардан кийин, 1950-ж-дын 2-жарымында А. киносу кайрадан жандана баштаган. Э. Мелик-Карамяндын (С. Кеворковдор м-н биргелешкен) «Ээн калган чоку» (1955), «Добулдун жолу менен» (1956), «Өзүм гана билем» (1958), «Өзгөчө тапшырма» кинофильмдери тартылган. А. кинорежиссёрлор Ф. Довлатяндын «Саламатсыңбы, бул мен» (1966), Г. Маляндын «Үч бурчтук» (1967), С. Параджановдун «Чоктой кызыл» (1970), А. Пелешяндын «Биз» (1969), «Жердөөчүлөр» (1970), «Жыл мезгили» (1975) ж. б. кинофильмдери зор ийгиликтерди алып келген. 1938-ж. алгачкы анимация кинофильми (Л. К. Атаманов, «Дөбөт м-н мышык») тартылган. «Арменфильм» киностудиясында белгилүү кино чеберлери А. Айартян, А. Мартиросян, кийинчээрек
А. Вагаршян, Г. Мелик-Авакян, Ю. Ерзинкян, А. Манарян ж. б. иштешкен. 1970-80-ж. маанилүү кинофильмдерди жараткандар Э. Keocaян («Эркектер», 1973; «Жомоктор калтырган капчыгай», 1974), К. Геворкян («Кайчылаш жолдо», 1974), JI. Григорян («Байчечекейлер жана Эдельвейстер», 1981), Н. Оганесян («Бакыттын механикасы», 1982), Б. Оганесян («Кожоюн», 1983), А. Мкртчян («Биздин балалыктын тангосу», 1984) ж. б. кирет. 1980-90-ж. кино

«Пэпо» фильминен. (Пэпо – Г. Нерсесян, Какули — Д. Малян). 1935.


өнөрүнө режиссерлор С. Бабаян («13-апостол», 1987), А. Хачатурян («Конд», 1987; «Унуткарчу шамал», 1989; «Эңсеген жерге кайтып келүү», 1991), В. Чалдранян («Куру сөз», 1991; «Кудайым ырайым кыл», 1997; «Жымжыртык симфониясы», 2002), М. Довлатян (Лабиринт, 1995) ж. б. зор салым кошушкан. Ал эми A-да цирк иск-восу [актер гусандар, маскарапоздор (хехкатаки) ж-а куудул-сатириктери (цахрацу) ж. б.] о. кылымдарда эле өнүккөн. 1928-ж. Ереванда 1-цирк курулган, 1956-ж. цирк коллективи түзүлгөн ж-а 1961-ж. «Ереван» деген ат м-н чыккан. 1991-жылдан Ереванда мамл. цирк иштейт.
Ад.: Габриелян В. А. Зарубежная армянская литература: (Очерки истории). Ep., 1987; Гоян Г. И. 2000 лет армянского театра. В 2 т. М., 1952; Кавказ. Природные условия и естественные ресурсы СССР. М., 1966; Тер-Саркисянц А Е. Армяне: История и этнокультурные традиции. М., 1998; Даринский А. В. Армения // География стран ближнего зарубежья. СПб., 1997; Степанян Н. С. Искусство Армении: Черты историко-художественного развития. М., 1989; Саркисян С. Армянская музыка в контексте XX в. М., 2002. Ө. Бараталиев, А Орозов, Ш. Керимова, Ж. Абдилова.