АРЕФЬЕВ Анатолий Васильевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:44, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЕФЬЕВ Анатолий Васильевич (24. 11. 1918, Ставрополь ш. – 28. 1. 1989, Днепропетровск) – театр сүрөтчүсү, Кыргыз ССР (1962) ж-а СССР (1967) эл сүрөтчүсү. Кыргыз мамлекеттик опера ж-а балет театрында сүрөтчү (1947), башкы сүрөтчү (1949–71) болуп эмгектенген. А. Арефьев «Манас», «Айчүрөк», «Кыз Жибек», «Оптимисттик трагедия», «Жамийла», «Аида», «Чолпон», «Уйкудагы сулуу» ж. б. 79 опера ж-а балет спектаклин жасалгалаган. Республикалык, бүткүл союздук ж-а эл аралык масштабда (Вена, Париж, Лондон, Бразилия) өткөрүлгөн сүрөт көргөзмөсүнүн бир нече жолку катышуучусу. Ал Ленинград академиялык опера ж-а балет театрында коюлган «Тынч Дон» операсынын, Кыргыз мамлекеттик опера ж-а балет театрында коюлган «Белгисиз жоокер» ж. б. опералардын жасалгалары үчүн биринчи даражадагы диплом алган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депута­ты. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери м-н сыйланган.
Ад.: Джусупова О.Н.,А. В Арефьев. Ф., 1958.

А. Холминовдун «Оптимисттик тра­гедия» операсына декорациялык эс­киз. 1963.
АРЕФЬЕВ 59.png