АРКАК ТҮРГҮЧ АВТОМАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:23, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРКАК ТҮРГҮЧ АВТОМАТ– аркак жиби түрүлгөн чыгырыкты бош чыгырык м-н өзү алмаштыруучу машине. Анда түрмөктөн чыккан жип кергич жабдыктан, чыгырыктан, жип үзүлгөндө чыгырыкты токтотуучу жабдыктын көзүнөн, жылдыргычтын илмегинен өтүп, чыгырыкка түрүлөт. Чыгырык бекиткич кыскычтардын бирөө жетелөөчү, экинчиси жетеленме болот. Чыгырыкка жип түрүлүп бүткөндө, же­телөөчү кыскыч токтоп, жетеленме кыскыч чы­гырыкты кыспай бошотуп, чыгырык ящикке түшөт. Анын ордуна жаңы чыгырык автоматтык түрдө берилип, аркак түрүдө берет.. Ал эмгек өндүрүмдүүлүгүн аркак түргүч машинага караганда 3--4 эсе жогорулаттат.