АРИЛЕР
АРИЛЕР– инди-европалык (инди-ирандык) тилдик жалпылыкка кирген элдердин аталышы. «А.» деген түшүнүк 19-к-дын орто ченинен инди-европа тилдеринде сүйлөгөн урууларды ж-а элдерди айырмалап белгилөө маанисинде айтыла баштаган. Инди-иран тилинде сүйлөгөн элдер эң байыркы жазма эстеликтерде эле коңшу же каратып алынган элдерден айырмаланып, толук укуктуу, таза кандуу адамдар экендигин белгилөө үчүн өзүлөрүн А. деп аташкан. А. деген сөздөн бир катар геогр. ж-а этностук аталыштар келип чыккан. Мис., Ирандын азыркы аталышы (Aryanam – «А.» өлкөсү) ушул сөздөн алынган. Айрым уруулар да өзүн өзү А. деп аташкан (мидиялык аризанттар уруусу - «А.» уруусу, А-дин сармат уруусу, осетиндердин түпкү теги болгон – аландар – «аллен» – байыркы иран сөзү агуапа ж. б.). Расисттик ад-тта (асыресе фашисттик Германияда) А. термини өтө бир жактуу, илимге жат мүнөз алган. Алар өзгөчө «жогорку» арийлик расанын бар экендигин ж-а аны негизинен немистер түзөөрүн далилдөөгө аракеттенишкен.