АРИД РЕЛЬЕФИ
Jump to navigation
Jump to search
АРИД РЕЛЬЕФИ– рельеф пайда кылуучу процесстердин таасири астында чөл, жарым чөлдөрдө
ж-а кургак талааларда калыптанган рельефтин тиби. Ал шамалдын (дефляция, эол-аккумуляциялык), чөл үбөлөнүүсүнүн, убактылуу курулган агын суулардын эрозиясынын аракетинен түзүлөт. Дөңсөө, плато, тоо этеги ж-а тоолорго ариддик денудация ж-а эрозиядан пайда болгон рельефтин (педименттер, бедлендцер, каксоо жерлер) формалары, ал эми түздүктөр м-н ойдуңдарга таштуу чөлдөрдүн түрдүү типтери, эол рельефтүү (бархандар, кум дөбөлөрү ж. б.),шортоң жерлүү ж-а көлдүү чуңкурчактар, такырлар мүнөздүү.