АРХИТЕКТОНИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:23, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХИТЕКТОНИКА (гр. architektonike – курулуш өнөрү) – архитектурадагы эстетиканын сырткы көрүнүшү, негизги ж-а ага байланыштуу каражаттардын көлөмү м-н кооздолушу жагынан шайкеш келиши. Бардык архитектоникалык каражаттар ж-а ыкмалар композициянын предметтик-маанилик элементтери м-н тыгыз байланышта болуусу керек, б. а. имараттардын ж-а курулмалардын конструкциясы ж-а анын ар кандай бөлүктөрү өз ара жарашыктуу биригип, эстетикалык жогорку деңгээлге жетет.