АРХИПОВА Ирина Константиновна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:15, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХИПОВА Ирина Константиновна (2. 1. 1925, Москва – 11. 2. 2010, ошол эле жер) – орус опера ырчысы (меццо-сопрано), СССР эл артисти (1966), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Москва архитектура институтун (1948), Москва консерваториясын (1953) бүтүргөн. 1956–88-ж. Чоң театрдын (Москва) ырчы-солисти. Анын репертуарында 28ден ашык опералык партия бар (Бизенин «Карменинде» – Кармен, Вердинин «Аидасында» – Амперис, Прокофьевдин «Согуш жана

тынчтыгында» – Элен ж. б.). Жеке концерттерге да чыккан. Чет мамлекеттерде, ошондой эле Кыргызстанда гастролдо болгон.

АРХИПОВА 44.png