АБАЛ ДИАГРАММАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:14, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБАЛ ДИАГРАММАСЫ,ф а з а л ы к д и а г р а м м а – заттардын турактуу фазалык абалынын термод. параметрлер (Т- темп-pa, Р - басым, V - көлөм, Q - жылуулук, Н — магнит талаасынын чыңалышы ж. б.) көз карандылыгын аныктоочу графикалык сүрөттөлүш. Термод. параметрлердин санына жараша ал эки, үч ж-a көп өлчөмдүү болуп бөлүнөт. А. д-нын ар бир чекити берилген термод. параметрлер м-н аныкталуучу заттын фазалык курамын аныктайт. Мис. реалдуу газдардын изотермалык диаграммасы м-н көрсөтүлгөн (сүрөт). Бул сүрөттө көмүр кычкыл газды турактуу темп-рада (изотермалык) кысуу, кеңейтүү процессиндеги Р —V фазалык диаграмма көрсөтүлгөн. Темп-pa жогорулаганда (Т , Т) изотермалар жылып турма гипербола сызыктары. Мындан төмөнкү темп-рада (Tv Т2, Т3) изотерма сызыктарынын көрүнүшү кескин өзгөрөт. Мис., Т2 изотермасынын ЕС бөлүгү туруксуз келип, С чекитинен В чекитине газ кысылганда (көлөм Ус дан Ув га азайганда) басым өзгөрбөйт горизонталдуу сызыгы), андан ары кысканда, басым Р кескин өсөт (изотерманын ВА бөлүгү). Ушундай эле сүрөттөлүш Т1 ж-a Т3 изотермалары үчүн да мүнөздүү. Алар бири биринен изотермалардын горизонталдуу бөлүктөрү м-н айырмаланышат, темп-pa төмөндөгөн сайын, изотерманын горизонталдуу бөлүгү узарат. Тг изотермасынын ЕС бөлүгү заттын газ фазасына (абалына), СВ бөлүгү анын буу фазасына (суюктук м-н газдын аралашмасы), ал эми ВА бөлүгү суюк абалга туура келет. Изотермадан жогору жайгашкан темп-радагы ж-а оң жактагы бөлүктөрү (I аймак) заттын газ абалын (фазасын), II аймак буу абалын (эки фазалуу газ ж-a суюктуктун аралашмасы), ал эми III аймак заттын суюк абалын мүнөздөйт. К чекитиндеги абалды мүнөздөөчү параметрлери Зт4= TR, Р= Рк, V = VK, үчилтик чекити деп аталат. Бул чекит ар бир зат үчүн өзүнчө мааниге ээ. А. д. химия өнөр жайында, металлургияда кеңири колдонулат. Аны түзүү үчүн термдик ж-a рентген анализдери, микроскоптук изилдөөлөр, электр өткөрүүчүлүктү ж-a катуулукту өлчөө ж. б. ыкмалар колдонулат. Ад.: Зисман Г. И. Курс общей физики. Т.1., М., 1972. А. Марипов.

АБАЛ ДИАГРАММАСЫ14.png