АБА ДИНАМИКАЛЫК КАЛКЫТУУ КҮЧҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:03, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБА ДИНАМИКАЛЫК КАЛКЫТУУ КҮЧҮ – жылма беттүү катуу нерсеге аба агымынын таасир этүү күчү. Самолёттун абада калкытуу күчү анын симметрия (тең тарап) тегиздигинде жатат ж-a канаттарынан абанын симметриясыз сылап өтүүсүнөн пайда болот (каптал беттери симметриялуу эмес агымга кандайдыр бурч м-н кыйшайтылган). Бул учурда канаттардын үстүңкү бетинде астына караганда аба агымынын ылдамдыгы чоң, ал эми басымы аз болот. Бул кубулушту Бернулли теңдемеси аркылуу туюнтса да болот. А. д. к. к. ылдамдык кысымга, канаттын аянтына ж-a анын геом. мүнөздөмөлөрүнө көз каранды болгон калкытуу күчүнүн аба динамикалык коэфф-ине, чабуул бурчуна, Мах санына түз пропорциялаш болгондуктан басымдар айырмасынан, вертолётто аны алып жүрүүчү буралгыларынын жардамы м-н абада калкуу күчү пайда болот.