АРГАС КЕНЕЛЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:38, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРГАС КЕНЕЛЕРИ (Argasida) – кан соруучу кенелер тукуму. Демейде кененин дене уз. 2 -13 мм, күңүрт боз түстө, башы анча чоң эмес, көзү жок. Алар көбүнчө адам жашаган турак жайда ж-а мал сарайларда кездешет. Кан м-н азыктанат. Ал 30-40 минга чейин кан сорот, тойгон кене кайрадан жерге түшүп тактай жаракаларына, тешиктерге кирет. А. к. 20-25 ж. жашайт. Алардын 100дөй түрү негизинен жылуу ж-а кургак р-ндордо кезигет. Ич келте оорусун козгойт. Ооруну козгоочу микробактериялар адам денесине кененин шилекейи аркылуу жугат.