АРАФАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:07, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАФАТ– Мекеге жакын (20 км.дей) жайгашкан жердин аты. Сауд Арабстанында. Уз. 11-12 кмге жеткен өрөөндөн ж-а аны түндүктөн чектеген жалча тоолордон турат. А. мусулмандардын эң негизги сыйынуу расмиси – ажылыктын (хадж) каадасы өтүүчү жер. Эл ичинде айтылган уламыштар б-ча А. тоосунун этегинде бейиштен куулган Адам ата м-н Обо эне кездешкен. Бул жер ислам кабыл алынганга чейин Илал деп аталып, зыярат кылуучу ыйык жай болгон. Бүгүнкү күндө сыйынуучу жер катары дүйнөгө белгилүү.