АРАЛ кыштагы Токтогул району

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:27, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛ– Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-ндагы кыштак. Жаңы-Жол айыл аймагына караш­туу. Жалабек тоосунун түн. этегинде, Бала-Чычкан ж-а Чоң-Чычкан сууларынын ортосундагы аралда, деңиз деңг. 1020 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Токтогул ш-нан 5 км батыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекети�­нен 189 км. 1936-ж. отурукташкан. Калкы 1121 (2009); негизинен мал чарбасында, дыйканчы�­лыкта (тоют өсүмдүктөрүн даярдоодо) эмгекте­нет. Орто мектеп, ФАП, китепкана бар.