АРАЛ -- суу менен чулганган кургактык
Jump to navigation
Jump to search
АРАЛ– кургактыктын төрт тарабы суу м-н чулганган бөлүгү. Материктен чаканыраак болот. Топтошуп жайгашкан аралдар архипелаг деп аталат (мис., Малайя, Канадалык Арктика архипелагдары ж. б.). Пайда болушу б-ча материктик (материктен бөлүнүп калган), жанар тоо ж-а коралл (шуру) а-дары болуп бөлүнөт. Дарыялар м-н көлдөрдө арал шилен- дилерден ж-а эрозиянын аракетинен пайда бо-
Аралдын аты |
Аянты(миң км2) | Жайгашкан орду |
Гренландия | 2176,0 | Түндүк Муз ж-а Атлантика океаны |
Жаңы Гвинея | 829,0 | Тынч океаны |
Калимантан | 734,0 | Инди океаны |
Мадагаскар | 590,0 | Инди океаны |
Баффин Жери | 476,0 | Түндүк Муз океаны |
Суматра | 435,0 | Инди океаны |
Хонсю | 230,4 | Тынч океаны |
Улуу Британия | 230,0 | Атлантика океаны |
Виктория | 213,8 | Түндүк Муз океаны |
Элсмир | 203,0 | Түндүк Муз океаны |
Сулавеси | 170,0 | Инди океаны |
Түштүк Жаңы Зеландия | 150,0 | Тынч океаны |
Ява | 126,0 | Инди океаны |
Түндүк Жаңы Зеландия | 114,7 | Тынч океаны |
Ньюфаундленд | 111,0 | Атлантика океаны |
Лусон | 105,6 | Тынч океаны |
Куба | 105,0 | Атлантика океаны |
Исландия | 103,0 | Атлантика океаны |
лот. Дүйнөдөгү ири (400 миң км2ден ашкан) аралдар: Гренландия, Жаңы Гвинея, Мадагаскар, Калимантан, Баффин Жери ж. б.