АРАБ ИСКУССТВОСУ
АРАБ ИСКУССТВОСУ– материалдык мад-тта, иск-водо, айрыкча арх-ра ж-а көркөм кол өнөрчүлүктө жаратылган чыгармалар топтому. Мад-ттын бул тармактары б-ча арабдар көп элдердин тажрыйбаларын өздөштүрүшкөн. Ошондуктан арх-расы м-н иск-восу чоң өзгөчөлүккө ээ. Арх-расы өркүндөп, жаңы үлгүдөгү үйлөр, мечиттер, медреселер, мунаралар салынган. 7-кдын 1-жарымында Басрада (635), Куфта (638),
Фустатта (640) курулган мечиттер алгачкы араб иск-восуна таандык. Мындай мечиттер Дамаскинин борборунда да жерг. эллинисттик ж-а сиро-византиялык арх
ралык салт б-ча курулган ж-а көп түстүү мозаикалар м-н жасалгаланып, аларга арх-ралык мыкты пейзаждар киргизилген. Араб арх-расы айрыкча 10-15-к-да Магрибде ж-а Испанияда гүлдөп, өнүккөн. Ири шаарларда (Рабат, Мар
ракеш, Фест ж. б.) мунаралуу коргондор, имараттар, Гранадада араб арх-расынын ж-а көркөм өнөр иск-восунун шедеври – Альгамбра двореци курулат (13-15-к.). Колонналык типте салынган монументалдуу курулуштар араб өлкөлөрүндө көп убактарга чейин сакталган (мечиттер: Каирде 9-к., Ибн Тулун; Рабатта, Хасан ж-а Марракеште Кутубия, 19-к.; Алжирде Чоң мечит, 11-к., ж. б.) ж-а Иран, Кавказ, О. Азия, Индия өлкөлөрүнүн арх-расына таасирин тийгизген. Арабдардын арх-ралык курулушунда фатимиддик Каир мектеби белгилүү болгон (969-ж.). Аксарайларды, «кербен сарайларды», мончолордун, күркөлөрдүн, турак-жайлардын, мечиттердин имараттарын таштан чегип (альХаким, аль-Азхар, Аль-Акмар ж-а ас-Салих-Талан), араб тамгалары м-н кооздоп, жасалгалашкан. Байыркы чыгыш мотивиндеги матем.
түзүлүштөгү сүрөттүн фантазиясына карата оймо чиймелерди колдонушкан, к. Арабеска.