АРА-БЕЛ КӨЛДӨРҮ
АРА-БЕЛ КӨЛДӨРҮ– Тескей Ала-Too м-н Жетим-Бел кырка тоосунун аралыгындагы Ара-Бел сыртынын батыш бөлүгүндө жайгашкан көлдөрдүн тобу. Көлдөрдүн бири Кичи Нарын суусунун алабына (Буркан көлү), калганы Чоң Нарындын алабына кирет. Суу бөлгүчтүн туу жонундагысы (Ара-Бел ашуусуна жакын) деңиз деңг. 3830 30 м бийиктикте жайгашкан, аянты 0,007 км2, суунун көлөмү 0,006 млн м3. Эң терең жери 2,5 м. Суусу мол мезгилде көлдөн агып чыккан суу ылдыйкы көлгө куят. Ал деңиз деңг. 3820 0 м бийиктеги морена чуңкурун ээлеп жатат. Уз. 0,5 км, туурасы 0,3 км, аянты 0,115 км1, суунун көлөмү 0,751 млн м3. Эң терең жери м. Көлдөн суу агып чыгат. Кар суулары м-н толукталат. Көлдүн түн.-чыгыш бөлүгүнөн морена бөгөтүн жиреп агып чыккан суу төмөнкү көлгө куят. Анын түш.-батыш жээги тик түшүп, мореналардан турат, түн.-чыгышы жантайыңкы, саздак. Түсү жашыл, тунуктугу м. Сууда өсүүчү өсүмдүктөр мол, ихтиофауна бар. Көл мөңгүнүн аракетинен пайда болгон. Кийинки көл 3800 0 м бийиктикте, экинчи көлдөн 700 м чыгыш тарапта. Көл моренанын оёң жеринде жайгашкан. Уз. 1,2 км, туурасы батыш
бөлүгүнүкү 350 мге чейин. Аянты 0,245 км2, көлөмү 0,365 млн м3, эң терең жери 4,5 м. Жогорку көлдөн агып чыккан суу м-н толукталат.
Көлдөн агып чыккан суу Ара-Бел-Сууга куят. Жээги мореналар м-н татаалданып, таштуу, аййрым бөлүгү саздак. Жашыл түстө, тунуктугу 3 м.
Мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көлдөрдүн тибине кирет. Бул көлдөн 2 2 км түш. тарапта, деңиз деңг. 3910 м бийикте мөңгүнүн аракетинен пайда болгон дагы бир көл жатат. Анын уз. 0,65 км, эң жазы жери 0,4 км. Аянты 0,193 км1, көлөмү 0,816 млн м3. Эң терең жери 5 м. Жашыл түстө, тунуктугу 3 м. Көл чанагынын формасы ж-а жээк рельефи өрөөндө мөңгү болгондугун күбөлөйт. Мөңгү тартылганда ордуна көл
пайда болгон..