АҢЫЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:26, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АҢЫЗэгини орулуп-жыйналып алынган жер. Анда чабылган эгиндин маясы ж-а вегетация мезгили улануучу бир же көп жылдык отоо чөптөр калат. Анда көптөгөн өсүмдүк зыянкечтери ж-а а. ч. өсүмдүгүнүн илдет козгогучтары сакталып, дыйканчылыкка чоң зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан отоо чөптөрдү, зыянкечтерди жок кылуу, топурактагы нымдын бууланышын азайтуу үчүн эгин оруп-жыйналары м-н А. кыртыштап, отоо чөптүн жерге түшкөн үрөнү өнүп чыккандан кийин терең айдалат. Эгин (арпа, сулу ж. б. м-н) аралаш себилген көп жылдык чөп жыйналып алынгандан кийин А. айдалбайт.