АЛДАН
Jump to navigation
Jump to search
АЛДАН ‒ Якутиядагы дарыя, Ленанын оӊ куймасы. Уз. 2273 км, алабынын аянты 729 миӊ км2. Становой кырка тоосунан башталып, Алдан тайпак тоосу, Верхояна кырка тоосунун түш. этеги аркылуу агат. Негизги куймалары: Тимптон, Учур, Мая, Аллах-Юнь (оӊ), Амга (сол). Орт. чыгымы 5110 м3/сек . Май ‒ июлда кирип, август ‒ сентябрда ташкындайт. Октябрдан майга чейин тоӊот. Чатынан 1753 кмге чейин кеме жүрөт, балык (осетр, стерлядь) кармалат. Башкы пристандары: Томмот, Усть-Мая, Хандыга.