АКТИНОМИЦЕТТЕР
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Actinomycetales) ‒ бутактанган клеткаларды же гифтерди пайда кылуучу бактериялар. Гифтердин диаметри 0,5‒2 мкм. А-дин 8 тукуму, 49 уруусу, 670ге жакын түрү бар. А. топуракта, абада, көлмөдө ж-а өсүмдүк калдыгында көп кездешет. Алар көбүнчө сапрофиттер: өсүмдүк ж-а жаныбар калдыктарын ажыратат. О. эле киши оорусун ж-а мал ылаӊын, өсүмдүк илдетин козгоочу түрлөрү да бар. Айрымдары топуракты аммонийлештирүү, клетчатканы ажыратуу, чириндини пайда кылуу ж. б. процесстерге катышат. Көпчүлүгү антибио тиктерди пайда кылат (стрептомицин, тетрацик лин, неомицин, актиномицин, канамицин, ген
тамицин ж. б.). Бул антибиотик заттар киши, жаныбар ж-а өсүмдүк илдеттерине каршы күрөшүүдө, төлдү тез жетилтүүдө колдонулат. О.эле А. пигмент, аминокислоталарды, ферменттерди ж. б. биол. активдүү заттарды пайда кылгандыктан микробиол. өндүрүштө колдонулат.