АРКБУТАН
Jump to navigation
Jump to search
АРКБУТАН (фр. arc-boutant – таканчык арка) – таштан жасалып, своддун конструкциясын жөлөп турган жарым арка формасындагы конструкция.
Булар көбүнчө готикалык храмдардын түзүлүшүндө колдонулуп, своддун оордугунан түшкөн басымды контрфорсторго өзү аркылуу өткөрөт. Орто кылымдагы архитекторлор аркбутан менен контрфорсторду бирдиктүү колдонуу аркылуу имараттын ички көлөмүн кеңейтүүгө, анын аянтын чоңойтууга ж-a ички түркүктөргө түшкөн басымды азайтууга жетишкен.