АРЕНА
Jump to navigation
Jump to search
АРЕНА (лат. арена, сөзмө сөз – кум) – 1) Байыркы Римде оюн көрсөтүү үчүн амфитеатрдын ортосундагы кум төшөлгөн аянтча. Жырткыч айбандар м-н гладиаторлорду (кул же согуш туткундарын) кармаштыруу үчүн пайдаланылган. Арена м-н көрүүчүлөрдүн ортосуна суу толтурулган чуңкур же атайын тосмолор жасалган; спорттук мелдештер өтүүчү көрүүчүлөр үчүн атайын жасалгаланган орундары бар жай. Анда футбол талаасы, чуркоо жолу, секирүү, ыргытуу жайы үчүн секторлору болот. Волейбол, баскетбол аянтчалары да аренага кирет.