АЭРОТЕРАПИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АЭРОТЕРАПИЯ (аэро... ж-а терапия ) ‒ ачык абада организмди чыӊдоо ж-а дарылоо ыкмасы. Дарылоо ж-а ден соолукту чыӊдоо максатында колдонулат. Анын негизги максаты дененин сырткы темп-ранын терс таасирлерине чыдамдуулугун жогорулатуу болуп эсептелет. Таза абада болуу узактыгы жыл мезгилине, аба ырайына (абанын темп-расына, нымдуулугуна, шамал күчүнө) дененин чыдамдуулугуна, ден соолукка жараша болот. Ал санаторий-курорттук дарылоодо климат м-н дарылоонун маанилүү бөлүгүн түзөт. Аба ваннасын кабыл алуу убактысы улам узартылып, нымдуу сүлгү м-н сүртүнүү, душка, сууга түшүү м-н айкалыштырылып жүргүзүлөт.