АБАЗИН ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:59, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБАЗИН ТИЛИ – Кавказ (иберий-кавказ) тилдеринин түн.-батыш (абхаз-адигэ) тобуна кирет. Негизинен ал тилде сүйлөгөндөр (абазиндер) Карачай-Черкес Республикасынын аймагында жашашат. Абазин тили тапант ж-a ашхар диалектисине бөлүнөт. Абазин адабий тилинин негизин тапант диалектиси түзөт. Жазмасы 1932-33-ж. латын, 1938-ж. орус графикасына которулган.