АРБУЗОВ Алексей Николаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:18, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРБУЗОВ Алексей Николаевич (13. 5. 1908, Моск­ва – 20. 4. 1986, ошол эле жерде) – орус драма­тургу. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). Ле­нинград театр окуу жайын бүткөн. Чыгармалары 1930-жылдан жарыялана баштаган. «Таня» (1939) пьесасы м-н драматург катары таанылган. «Сүйүктүү алтоо» (1935), «Алыс жол» (1935),«Таң алдындагы шаар» (1941), «Четтеги үй»(1943), «Саякат жылдары» (1954), «Иркутск окуясы» (1959), «Саат он экиге кетти» (1959), Жоголгон уул» (1961), «Байкуш Маратым» (1965), «Бактысыз адамдын бактылуу күнү», «Шайлоо» (1971),«Эски Арбаттын жомогу» (1972) ж. б. чыгармаларды жазган. Ал чыгармаларында жаш муундардын ички дүйнөсүн калыптандыруу, тарбиялоо ж. б. учурдун орчундуу моралдык-этикалык маселелерин көтөргөн.