АНТИМОНИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:17, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИМОНИТ(лат. antimonium -сурьма), сурьма жылтырагы, стибнит – минерал. Сульфидцер классына кирет. Хим. формуласы Sb2S3. Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү боз металл сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 2–2,5. С. салм. 4,6. Кычкылдануу зонасында сурьма

кычкылдарын ж-а кычкылтектүү бирикмелерди пайда кылат. А. сурьманын негизги кента

АНТИМОНЙТ 115.png

шы. Негизинен эритме кошундуларды (подшипниктер үчүн баббиттерди) жасоодо кеңири колдонулат. О. эле
сурьма кошундусу резина өнөр жай, текстиль өндүрүшүндө, айнек иштеринде, медицинада ж. б. пайдаланылат. Кырг-ндагы сурьма кендери: Кадамжай, Терек-Сай, Абшыр-Сай, КасанСай, Саба-Жарды ж. б. Кадамжай кенинен бөлүнүп алынган сурьма сапаты б-ча дүйнөлүк эталон катары эсептелинет.