АРАМЕЙ ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:16, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАМЕЙ ТИЛИ – семит тилдеринин тобуна кирген тилдердин бири. Бул тилдеги байыркы жазма эстеликтер б. з. ч. 9-10-кылымдарга таандык. Байыркы мекени – Сирия ж-а Месопотамиядан Ж. Чыгышка таралып, ал жердеги финикия, еврей, моавит, аккад тилдерин сүрүп чыгарган. Арамей тилиндеги адабияттын дээрлик көпчүлүгү диний мазмунда (мис., Библия ж-а Талмуддун айрым бөлүмдөрү) болгон. Арамей тили арабдар басып алгандан кийин колдонулбай калган. Ал азыр батыш (малула), борбордук (турайо) ж-а чыгыш (ассирия) диалектилерине бөлүнөт.