АНТАРКТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:35, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТАРКТИКА (анти... ж-а Арктика, б. а. Арктикага каршы жайгашкан аймак) – Жердин түш. уюл аймагы. Антарктиданы, Атлантика, Тынч ж-а Инди океандарынын Антартидага жакын жаткан бөлүктөрүн, Уэделл, Росс, Амундсен, Беллинсгаузен деңиздери м-н, о. элеТүш. Георгия, Түш. Сандвичевдер, Түш. Оркней,Түш. Шетланд ж. б. аралдарды камтыйт. А-нын чек арасы 48–60° түш. кеңдик (Антарктика конвергенциясынын түн. абалынын сызыгы) б-ча өтөт. Аянты 52,5 млн �лн км2. Абанын темпрасы эң төмөн, катуу шамал, кардуу бороон болуп, көбүнчө туман басып турат. А. Жер шарындагы эң катаал, суук аймак, субантарктикалык аймактын эң жылуу айынын орт. темпрасы 10°С, эң суук айыныкы 0°Сден -10°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны Чыгыш Антарктиканын жээктеринде 30-50 0 мм, Антарктика ж. а-нын батыш жээктеринде ж-а субантарктика аралдарында 1000 ммден ашык. Материк калың муз катмары м-н капталган; аралдарды адатта тоо мөңгүлөрү каптаган. Деңиз музунун аянты сезондон сезонго өзгөрүп турат; кыштын аяк ченинде 20 млн км�ж2дей, жайында 2,5 млн км2 дей. Үстү жалпак айсбергдер мүнөздүү. Орг. дүйнөсү Антарктикада өтө жарды, океанда өтө бай. Аралдарда тундра өсүмдүктөрү өсөт; деңизде сүзүүчү канаттуулар көп. Деңиз жаныбарларынан кит, калак буттуулар бар. Алар криль (көп топтолгон) м-н тамактанат. 1959-жылдагы Эл аралык келишим б-ча А. демилитаризацияланган бейтарап зона, тынчтык максатка гана пайдаланылат; ил.-из.иштери эркин жүргүзүлөт.�өт.
Ад.: Трешников А. Ф. История открытия и исследования Антарктиды. М., 1963; География Антарктиды. М., 1968. М. Кадыркулов.