АКТИВДҮҮЛҮК
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ 1) т е р м о д и н а м и к а- л ы к А. ‒ эритмелердеги иондун ж-а молекулалардын хим. реакцияга катышкан нагыз концентрациясын туюнтуучу чоӊдук. Активдүүлүк түн (а) концентрацияга (с) болгон катышы (а:с=i) А. коэффиценти (i) деп аталат. Ал термод. теӊ салмактуулук константан эсептөөдө колдонулат; 2) р а д и о а к т и в д ү ү б у л а к- т ы н А-гү ‒ убакыт бирдигинде радиоактивдүү ажыроонун саны. СИдеги А-түн бирдиги ‒ беккерель (Бк). 1 Бк бул 1 секдагы 1 ажыроого барабар. Мындан тышкары кюри (Ки) бирдиги бар. 1 Ки=3,7.1010 Бк. Бул 1 г радийдин ажыроо А-гү.