«АТОМ ДИПЛОМАТИЯСЫ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:47, 25 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

"АТОМ ДИПЛОМАТИЯСЫ" – тарых ж-а саясат таануу илимдеринде АКШнын 2-дүйн. согуштан кийинки тышкы саяасатынын стратегиялык багытын билдирүү үчүн кабыл алынган термин; б. а. АКШ атом куралына жеке ээ болуп турган учурдагы дипломатиялык ыкмаларынын бири. Ошол учурда АКШ атом куралын жасоодо биринчи болушу м-н АКШ ж-а Улуу Британиянын мамл. ж-а саясий чөйрөсүнүн арасында түзүлгөн таасирдүү топтор тарабынан атайын АКШнын дүйнөдөгү геосаясий кызыкчылыгын камсыздоо максатында " А. д". иштелип чыккан. АКШнын А. д. 1945-ж. Берлин (Потстам) конференциясынын жүрүшүндө эле байкалган. Айрыкча АКШнын 2-дүйн. согуштун аягында 1945-ж. 6- ж-а 9-августа Япониянын Хиросимо, Нагасаки ш-на атом бомбасын ташташы А. д-нын негизги максатын ачык көрсөтүп, Союздаштар ортосундагы бири-бирине болгон ишенимдерин жоготуп, “кансыз согуштун” чыгышына өбөлгө түзгөн. Кийин Советтер Союзу өзүнүн атомдук программасын иштеп чыгып, атом бомбасын сыноодон (1949) өткөрүп, жердин жасалма спутнигин учурушу (1957), континент аралык ракеталарды ойлоп табышы м-н А. д. толук кыйраган. Ж. Арзыкулов