БАГРАМЯН Иван Христофорович (Ованес Хачатурович)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:42, 25 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАГРАМИЯН Иван Христофорович(20. 11(2. 12). 1897, Азербайжан, Шамкир р-ну, Чардахлы кыш. – 21. 9. 1982, Москва) – Сов. Союз. Маршалы(1955), эки жолку Сов. Союз. Баатыры (1944, 1977). М. В. Фрунзе атн. Аскер акедемиясын(1934), Генштабдын аскер акедемиясын бүткөн. 1-дүйнөлүк ж-а Граждандык согуштун катышуучусу. 1934-ж. Атчандар дивизиясынын штаб начальниги. Улуу Ата Мекендик согуш мезглинде Түш.-Батыш фронтунда ыкчам бөлүмдүн, топтун, фронттун штаб начальниги. Москва салгылашында (1941 – 42), Курск салгылашында(1943) армиянын, 1943-ж. ноябрдан 1- Прибалтика фронттунун командачысы. Белорус операциясына (1944), Прибалтика операциясына(1944) ж-а Чыгыш-Пруссия операциясына(1955) катышкан. 1945–55-ж. 3-Белорус фронтунун, АОнун командачысы, 1956–58-ж. Генштабдын аскер акедемиясынын начальниги, 1958–68-ж. СССР Коргоо Министринин орун басары – Куралдуу Күчтөрдүн ооругунун начальниги.