АНЗЮС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:01, 25 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЗЮС (англ., Australia, Hew Zealand, United States – ANZUS) – Австралия, Жаңы Зеландия ж-а АКШнын согуштук-саясий союзу. Үч тараптуу коопсуздук пактысын (АНЗЮС) түзүү ж-дөгү келишимге 1951-ж. 1-сентябрда Сан-Франциско ш-нда кол коюлган; ал 1952-ж. 29-апрелде күчүнө кирген. Келишимде аталган мамлекеттер Тынч океан аймагында биргелешип коргонуу тууралуу макулдашышкан. 1986-ж. Жаңы Зеландиянын өкмөтү АКШнын ядролук куралдуу аскер кемелерин өлкөнүн портторуна киргизүүгө тыюу салып, бул мамлекетке карата келишимдин шарттарын аткаруудан баш тарткан. АНЗЮСка кирген мамлекеттер кийин СЕАТОну түзүүгө да катышкан.