АНЕТО
Jump to navigation
Jump to search
АНЕТО, Пико-де-Ането – Пиренейдин эң бийик чокусу. Испанияда. Бийикт. 3404 м. Маладета тоо массивинде жайгашкан. Негизинен гранит, төмөнкү бөлүгү аки таш тегинен турат. Кар катмары ж-а чакан мөңгүлөрү бар. Байыркы мөңгөлөрдүн издери сакталган. Капталынын этегинде бук, эмен ж-а каштандан турган токойлор өссө, 2300–2400 мге чейин бадал, ийне жалбырактуу карагайлар, андан жогору альп шалбаасы өсөт. Чокуга алгач 1787-ж. француз табият таануучусу ж-а саякатчы Л. Рамон чыккан.