АРМАТУРА ИШТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:01, 25 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРМАТУРА ИШТЕРИ– темир-бетон жасоо ж-а бетон куюу үчүн арматураны даярдоо, орнотуу жумуштары. Ал ар төмөнкүдөй ыраатта аткарылат: I) арматуралык өзөктү (стерженди) камдоо – түрмөктөлүп оролгон, диаметри 10 мм келген арматуралык болоттор кескич автоматта, бөлөк-бөлөк өзөк түрүндө жеткирилген жоон зымдар бири бирине ширетилип, кайчы м-н ке-

Темир-бетон конструкцияларынын арматурасы: 1 ж-а 2 – мезгилдүү профилдеги арматура; 3 – мезгилдүү профиль зымы; 4- жети зымдан турган өрүм; 5- кош өрүмдүү темир аркан.


силет же бул иштер автоматтык катарда (линия) аткарылат. Өзөк станокто ийилет же түзөтүлөт; 2) арматуралык тор ж-а каркас даярдоо – камдалган темир өзөктөр контакттуу же жаалык ширеткич м-н ширетилет. Өзөктүк арматуранын диаметри 6-90 мм, зымдыкы 3- 8 мм. Бетондун байланышын жакшыртууга арматура бетине быдыр салуу м-н жетишилет. Кийинки убакта металл эмес арматуранын түрү (базальт, айнек пластик, бамбук) ж. б. колдонулууда; 3) алдын ала чыңалтылган темир-бетон констр-сы үчүн арматура ченеп алуучу, зым кесүүчү ж-а чогултуучу түзүлүштө иштелет; 4) арматура жыйноо ж-а монтаждоо – мурда даярдалган каркас же өзөк түрдүү ыкма м-н ширетилип, имараттын фундаментные кран, кондуктор м-н орнотулат.