АППЛИКАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:42, 25 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АППЛИКАЦИЯ (лат. applicatio – чаптоо) – кездемеге же кагазга түрдүү түстөгү кесинди чүпүрөктөрдү чаптоо же тигүү аркылуу түшүрүлгөн көркөм сүрөт;

ушундай жол м-н тартылган сүрөт сайма. Аппликация кийим ж. б. буюмдарды кооздоо үчүн да колдонулуп келген, көп элдерде азыр да кезигет. Мектепте негизинен башталгыч класстарда эне тили, орус тили, математика ж-а сүрөт сабактарында, жогорку класстарда тарых ж-а география сабактарында өтүлүүчү айрым окуу материалдарынын мазмунун конкреттештирүү максатында пайдаланылат. Көрсөтмө курал катары мектепте колдонулуучу аппликациялар адатта колдо жасалат.