АНДАМАН ДЕҢИЗИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:10, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНДАМАН ДЕҢИЗИ– Инди океанындагы жартылай туюк деңиз. Индикытай, Малакка

а-нын, Андаман ж-а Никобар а. тизмегинин ж-а Суматра а-нын аралыгында. Бирма, Таиланд, Индонезиянын жээктерин чулгап турат. Аянты 605 миң км2. Эң терең жери 4507 м. Суусунун темп-расы 26–29°С, туздуулугу 31,5 - 32,5%о (жайында), 30,0–32,0%о (кышында) чейин. Суткасына 2 жолу деңиз ташкыны болот (7,2 мге чейин). Негизги порттору: Янгон, Жоржтаун.