АНГРЕН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:30, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГРЕН– Өзбекстандагы шаар. Ташкент облнун аймагында. Ахангаран д-нын ж-а Ташкент – Кокон автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Темир жол бекети. 1946-ж. ачылган Ангрен көмүр бассейнинин негизинде отурукташкан кыштактардын биригишинен пайда болгон. Калкы 127,7 миң (2010). Күрөң көмүр казып алуунун борбору. Көмүр-каолин комплексы, хим.-металлургия, азот жер семирткичтери, резина тех. буюмдарын өндүрүүчү з-ддору, курулуш материалдар өнөр жай өндүрүшү, 2 ГРЭС, пед. ин-т, тарых-край таянуу музейи бар. Шаарга жакын алтын кенин казып алуучу рудник иштейт. Ангстрем – метрдин он млрдан бир үлүшүнө барабар болгон системадан тышкаркы узундук бирдиги. Е тамгасы м-н белгиленет. 1 Е =10-10 ж=0,1 нм. Швед физиги Ангстремдин урматына аталган. А. физика ж-а химияда кенен колдонулуучу чондук.