АНГЛИЧАНДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:39, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГЛИЧАНДАР--(өздөрүн инглиш деп аташат) – эл, Улуу Британиянын негизги калкы. Жалпы саны 38 млн киши (2011). Англия ж-а Уэльсте А. өздөрүн А-быз деп аныкташкан. 2011-жылдагы эл каттоо б-ча Канадада 7 млн, Австралияда 600 миң, АКШда 357 миң, Индияда 100 миң, Жаңы Зеландияда 44 миң адам жашап, англис тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү протестант-англикандар, о. эле католиктер, методисттер, баптисттер, куткаруу армиясынын жолдоочулары ж.б. да бар. А-нын калыптанышына кельттер, германдык(англосаксондук, скандинавиялык), нормандык этно-маданий компоненттер катышкан. 17-19-к-да Англиянын колониялык саясатынын жүрүшүндө А. Түн. Америкага, Австралияга, Жаңы Зеландияга, Түш. Африкага жер которушуп, ал жердеги жерг. элдер ж-а эмигранттар м-н аралашып, англис тилдүү жаңы элдер – АКШ америкалыктары, англоканадалыктар (к.Канадалыктар), англоавстралиялыктар, англожаңы зеландиялыктар, түш. африкалыктар өңдүү англис тилдүү элдердин пайда болушуна негиз салышкан.

АНГЛИЧАНДАР 74.png

20-к-дын 2-жарымында А-дын кайрадан мекенине кайтуу процесси башталган. Учурда А-дын көпчүлүгү шаарда турушат (90 %тен ашыгы). А. Рождестводо үйлөрдү холли ж-а омелдин бутактары м-н жасалгалоо, Мас­ле­ни­цада (Блин күнү) футбол ойноо ж-а куймак бышыруу, Пасхада жумурткаларды боёо, 1-майда (Жайкы күнү ) май дарагын отургузуп, түндөсү от жагуу, 1-августта (Ламмас күнү) талаа жумуштарынын башталышы м-н нан бышыруу ж. б. сыяктуу календарлык каада-салттарын колдонушат. А. кеңири пайдаланган англис костюму (кийин европалыктарга кеңири тараган) 19-к-да пайда болгон. Бүгүнкү күндө королдук гвардиянын, парламенттин, соттун айрым өкүлдөрүнүн кийимдеринде о. кылымдардагы кийимдердин айрым элементтери кездешет. Тамак-ашы негизинен эт азыктары: ростбиф, бифштекс, бекон ж. б., о. эле балыктан жасалган тамактар.