АХМАТБЕКОВ Мусакун
Jump to navigation
Jump to search
АХМАТБЕКОВ Мусакун (22. 11. 1947, Нарын обл., Тянь-Шань (Нарын) р-ну, Калинин айылы) – агрохимия б-ча адис, а. ч. илимд. доктору (2000), проф. (2002). КАЧИни ж-а Тимирязев атн. Москва а. ч. академиясын (1968), КАЧИнин аспирантурасын бүтүргөн. Эмгек жолун Кыргызстан дыйканчылык ИИИде тармактык тажрыйба станцияларында улук ил. кызматкер болуп иштеп баштаган. 1972–75-ж. КАЧИде доцент, кафедра башчысы. Учурда КУАУнун топурак таануу, агрохимия ж-а дыйканчылык кафедрасынын башчысы. Анын ил. из-лөрү өсүмдүктөрдүн азыктануусу, топурактын, азык элементтердин, жер семирткичтердин, макро (NPK) ж-а микроэлементтердин (В, Zn, Mn) агрохимиясы, а. ч. өсүмдүктөрүнүн азыктануу системасы, экол. агрохимия ж-а агрохим. изилдөөнүн методикалары б-ча. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы м-н сыйланган. Анын 50дөн ашык ил. эмгектери, а. и. 1 монографиясы бар. Эмг.: Система удобрения культур свекловичного севооборота на сероземно-луговых почвах Киргизской ССР (рекомендации, в соавт.). Изд. МСХ Кирг. ССР, 1984; Удобрения и продуктивность озимой пшеницы. – Б.: 1999.