АНАРКУЛОВ Бектур Суеркулович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:30, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАРКУЛОВ Бектур Суеркулович (1970-ж.т., Фрунзе ш.) – медицина илимд. доктору (2017), проф. (2017). КММИни бүтүргөн (1993). Эмгек жолун Бишкек ш-ындагы № 1 ШКОдо врач-интерн болуп иштеп баштаган. Бишкектеги №5 ШКОда врач-травматолог; травматология пунктунда врач-травматолог; курулушчулар поликлиникасында врач-травматолог; Бишкектеги тез жардам ШКОдо врач-травматолог; БТОИИБда ил. кызматкер, №1 травматология бөлүмүнүн башчысы; Б.Н. Ельцин атн. КРСУда ассистент, доцент, кафедрада доцент. КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы м-н сыйланган. Анын 68 ил. эмг., а.и. 2 монография, 1 окуу китеби, 14 ойлоп табуунун патенти жарык көргөн. Эмг.: Скелеттин узун сөөк сыныктарын заманбап дарылоо. –Б., 2014. –224 б. (авторлош). Характер сопутствующей патологии бедренной кости// Наука, техника и образование.– М.,2017. –№ 1 (31). –С.101-104. (в соавт.).