АНАЛОГИЯЛУУ ОРГАНДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:31, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАЛОГИЯЛУУ ОРГАНДАР (гр. analogos - окшоштук) – ар башка систематикалык топко кирген организмдердин окшош органдары. Органдардын мындай окшоштугу аткарган кызматына байланыштуу. Алар организмдердин теги бир экендигин аныктоого негиз боло албайт. Анткени, алар аткарган кызматтары б-ча окшош болгону м-н келип чыгышы б-ча айырмаланат. Алардын окшоштугу организмдердин бир экол. чөйрөгө ыңгайланышынын, б. а. конвергенциянын негизинде келип чыгат. Бир эле чөйрөдөгү ар башка топтун организмдеринин окшош органдары бири бирине көз карандысыз өөрчүгөн. Мис., сөөктүү ж-а кемирчектүү балыктардын дене ж-а сүзгүч канаттарынын окшоштугу же алардын дене формасына сүт эмүүчү дельфиндин денесинин окшоштугу ж. б.