АТОМ ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:08, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТОМ ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫ(АЭС) ‒ ядролук энергияны электр энергиясына айландыруучу курулуштардын комплекси. АЭСте ядролук реактордогу кээ бир оор элементтердин, негизинен уран (233U, 235U), плутоний (239Рu) ядролорунун бөлүнүшүнүн уланма реакциясынын натыйжасында пайда болгон жылуулук кадимки эле жылуулук электр станцияларындай электр энергиясына айландырылат. Урандын же плутонийдин 1 г изотобу бөлүнгөндө 22,5 МВт.ска жакын энергия бөлүнүп чыгат. Бул 2,8 т шарттуу отунду жакканда алынуучу энергияга барабар. АЭСтер ядролук энергетиканын негизин түзөт. Дүйнөдөгү эӊ биринчи кубаттуулугу 5 МВт болгон АЭС Россиянын Обнинск ш-нда ишке киргизилген. Азыркы кезде иштеп жаткан АЭСтердин жалпы кубаттуулугу 6 ГВттан ашык. АЭСтерде көп учурда жылуулук нейтрондору м-н иштөөчү реактордун 2 түрү: тулкулук суу-суулук реакторлор ж-а каналдык графит-суулук реакторлор колдонулат. Жылуулук алып жүргүчтүн түрүнө ж-а агрегаттык абалына жараша АЭСтин термодинамикалык мерчими тандалат. Көпчүлүк АЭСтин электр жабдуулары кадимки жылуулук электр станциясындагыдай эле болот.