АТОМ ФИЗИКАСЫ
АТОМ ФИЗИКАСЫ - физиканын атом түзүлүшүн, касиетин ж-а андагы элементардык процесстерди изилдеп үйрөтүүчү бөлүмү. 19-к-дын акыры ж-а 20-к-дын башында физикада бир нече ил. ачылыштар болгон. А. Беккерель радиоактивдүүлүк кубулушун (1896), англ. физик Ж. Томсон электронду (1897) ачкан. П. Кюри ж-а М. Склодовская-Кюри радиоактивдүүлүк кубулушун тереӊ изилдеп, атом бир нече элементардык бөлүкчөлөрдөн турарын, б. а. структурасы татаал экенин далилдешкен. Бул ачылыштардан ж-а изилдөөлөрдөн кийин, атом заряддалган бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттешүүчү системасы деп каралып, атом моделинин структуралык үлгүсү түзүлгөн. Бул ил. ачылыштар А. ф-нын өнүгүшүнө түрткү болду. Англ. физик Э. Резерфорддун 1911-ж. атом ядросун аныкташы А. ф-нын өнүгүшүндөгү эӊ маанилүү этап болгон. Резерфорд планеталык атом моделин сунуш кылган. Бул б-ча атом борборунда оӊ заряддуу оор ядро ж-а ядронун тегерегинде кандайдыр орбиталар б-ча кыймылдоочу терс заряддуу жеӊил электрондор жайгашкан. Резерфорд бул моделди оор элементтердин атомдорунун таасиринен a-бөлүкчөлөрдүн чачыроо бурчунун чоӊдуктары на негиздеген. Бирок, бул модель турактуу нур чыгарышын, нурлануу спектри сызыктуу экенин ж-а фотоэлектр кубулушун түшүндүрө алган эмес. Немец физиги М. Планктын квант теориясы гана заттын атомдору электр-магниттик энергияны айрым порциялар (жарык кванты) м-н чыгарарын ж-а анын Е энергиясы чыгарылган нурдун жыштыгына n түз пропорциялаш экенин далилдеди: У=hn, h ‒ Планк турактуулугу. Атомдун түзүлүшү ж-дөгү квант теориясына даниялык физик Н. Бор 2 постулатты айтуу м-н эӊ маанилүү салым киргизген, к. Бор постулаты. Ад.: Борн М. Атомная физика. 3-е издание М., 1970; Ельяшевич М. А. Атомная и молекулярная спектроскопия. 2-е издание. М., 2000.