АНАКСИМАНДР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:00, 23 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАКСИМАНДР Милетский (б. з. ч. 610--546-ж.) – байыркы грек милет мектебинин өкүлү, философ, Фалестин шакирти, «Табият туурасында» деген филос. чыгарманын автору. А. тиричиликтин баштапкы негизи – биримдик, түбөлүк; айкындыгы жок нерсе – «алейрон», ал мейкиндик м-н убакыттын чексиздигин гана көрсөтпөстөн, аң-сезимдин чексиздигин да көрсөтөт, апейрондун дайыма кыймылда болушунан тынымсыз карама-каршылыктар (жылуу м-н суук, жарык м-н караңгы) пайда болуп, ошолордун күрөшүнүн натыйжасында өзгөрүштөр болуп турат деген ж-а Ааламдын чексиздиги ж-дө божомол айткан. Адам башка жандуулар сыяктуу балыктан жаралган деп, жаныбарлар дүйнөсүнүн чыгышын табигый – тарыхый көз караштан түшүндүргөн эволюция идеясын көтөргөн.

Ш.К.Алиева.