АНАДЫРЬ БӨКСӨ ТООСУ
Jump to navigation
Jump to search
Анадырь бөксө тоосу-Түн.-Чыгыш Сибирде, Анадырь д-нын жогорку агымында. Чукча автономия округунун аймагында. Түш.-батыштан түн.-чыгышты карай 400 кмге созулат. Бийикт. 1185 мге чейин (Щучья чокусу). Жалпак чокулуу Эки-Суу аралары дарыя-өрөөндөрү м-н бөлүнөт. Түн. бөлүгүндө Эльгыгыттын көлү жайгашкан. Капталдарына бадалчалуу ж-а эңилчекмамык чөптүү тундра мүнөздүү. Бугу жайыты.