АТОМ РАДИУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:26, 23 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АТОМ РАДИУСУ ‒ молекуладагы ж-а кристаллдагы атомдор (ядролор) ортосундагы аралыкты болжолдуу ченөөгө мүмкүндүк берүүчү чоӊдук. Ал ангстрем (Е) м-н өлчөнөт (1Е =10‒8 см). Кристаллдардын ички түзүлүшү ж-а тышкы формасы атом ж-а ион радиустарына көз каранды. А.р. металлдык ж-а коваленттик болуп бөлүнөт. Металлдык радиус үчүн элементтердин кристаллдык түзүлүшүндөгү атомдордун эӊ кыска аралыгынын жарымы алынат. Коваленттик радиус металл эместердин молекулаларын дагы бир байланышынын узундугунун жарымына барабар. Кристаллдык химияда мааниси өтө чоӊ.