ЖУСУПБЕКОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:06, 23 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ЖУСУПБЕКОВ Азизбек Кылычбекович (1959-ж.т., Сокулук р-ну, Шалта айылы) - философ, философия илимд. доктору (2011), профессор (2017). 1981-ж. С. М. Киров атн. Казак мамлекеттик ун-тин бүткөн. КМУда окутуучу, ил. кызматкер, Кыргыз ССР ИАда ил. кызматкер, бөлүмдүн окумуштуу секретары, бөлүм башчы, КР Президентинин Аппаратында бөлүм башчы, КР Өкмөтүнүн Аппаратында бөлүм башчы, КР Жогорку Кеңешинин Аппаратында бөлүм башчы, бөлүм башчынын орун басары, КР УИАнын Философия ж-а саясий-укуктук изилдөөлөр ин-тунун окумуштуу секретары, ин-ттун директорунун орун басары, бөлүм башчысы. 100дөй ил. эмгектин (а. и. 6 монография) автору. Эмг.: Этническая идентичность номадов. Б. 2010; Трайбализм постномадов. Б. 2017.