ВИКТИМОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:51, 23 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ВИКТИМОЛОГИЯ ( лат. Victina – курман болгон, зыяан тарткан, жабырлануучу ж-а ...логия) – криминологиянын өзгөчө бир бөлүгү; социалдык, табигый ж-а технотектүү катастрофа, эпидемия, согуш ж. б. куралдуу чыр-чатактар, саясий тирешүүлөрдөн жабыр чеккендер. Крминалдык В. 20 – кылымдарда пайда болгон. “В” биринчи жолу румуниялык психиатр Б. Мендельсон(1900–98) тарабынан Психиатрлардын эл аралык конгрессинде(Бухарест, 1947), анын “Биопсихология м-н социологиянын жаңы ачылыштары: виктимология” деген докладында айтылган. В-га немец криминологу Г. Фон Гентигтин (1888–1974) “Кылмышкер м-н жабыр чегүүчүнүн ортосундагы интеракцияга карата пикир” (1941) деген макаласында ж. б. эмгектеринде ил. негиз салынган. В-да жабырлануучу бул, кылмыш аракетинин кесепетинен жабыр тарткан жеке же юрид. жак, б. а. криминалдык кылмыштан жапа чеккендер, о. эле жабыр тарта элек, бирок өзүнүн жүрүм-туруму, көнүмүш адаттарынан улам жабыр тартып калышы мүмкүн болгон жак (потенциалдык курмандык). В-нын объектиси болуп в и к т и м и з а ц и я – бул, кылмышкердин жабырлануучусу катары саналган жеке жак, о. эле айрым бир адамдардын тобу (статистикалык деңгээли). Калкты виктимизациялоону статистикалык ж-а социологиялык материалдарга таянып жүргүзсөк, ал кылмыштуулуктун деңгээлин бир кыйла даана (кылмыш жасаган кылмыштуу топтору б-ча, топтогу жеке жактар б-ча, региондор б-ча ж. б. ) көрсөтөт. Мында айрым экономика тармагындагы, мамл. бийликке же башкаруу тартибине, аскер кызматына каршы жабырлануучусу жок кылмыштуулуктар эсепке алынбайт. В. тармагындагы эл аралык документтердин негизи катары бийликти ашыкча пайдалануудан улам, же түздөн түз кылмышкер тарабынан жапа чеккендердин Декларациясы (1985) саналат.
Ж. Арзыкулов